Кыргыз тилинде жетишбеген сөздөр Бизде азыркы заманга ылайык болгон кээ бир сөздө же такыр эле жок же көпчүлүк жакшы билбейт. Мисалы, англис тилинде "сэр" же орусча "сударь" деген сыяктуу сөздөргө мааниси төп келгэн кыргыз сөздөрү барбы? Өзбек тилинде "таксыр", ал эми түрк тилинде " бейефенди" дешет экен эркек кишиге кайрылганда. Кыргызча деле "таксыр" деген сөз бар. Биз деле ошол сөздү колдонсок болчудай. Ал эми аял кишиге кантип кайрылабыз? Менимче, " таксыр айым" деп кайрылса туура болмок. Албетте, башында кулакка өөн учурайт чыгар, бирок, көнүп кетерибизге эч шегим жок. "Легитимдүү" деген бир түрүү суук бир сөздү колдонуп жүрөбүз акыркы учурларда. Тушүнүктүү, бул сөздү орусчадан тамыры менен жулуп алып, кыргызча калыпка салган аракет көрүнүп турат. “ Legitimate ” деген сөз англис тилинде- мыйзам менен жоболорго ылайык деп чечмеленет экен. Бул жерде жакындан бери оозго кирген сөз куруу ыкмасын пайдаланс...