К основному контенту

Сообщения

  Кыргыз тилинде жетишбеген сөздөр  Бизде азыркы заманга ылайык болгон кээ бир сөздө же такыр эле жок же көпчүлүк жакшы билбейт. Мисалы, англис тилинде "сэр"   же орусча "сударь" деген сыяктуу сөздөргө мааниси төп келгэн кыргыз сөздөрү барбы? Өзбек тилинде "таксыр", ал эми түрк тилинде " бейефенди" дешет экен эркек кишиге кайрылганда. Кыргызча деле   "таксыр" деген сөз бар. Биз деле ошол сөздү колдонсок болчудай. Ал эми аял кишиге кантип кайрылабыз? Менимче, " таксыр айым" деп кайрылса туура болмок. Албетте, башында кулакка өөн учурайт чыгар, бирок, көнүп кетерибизге эч шегим жок. "Легитимдүү" деген бир түрүү суук бир сөздү колдонуп жүрөбүз акыркы учурларда. Тушүнүктүү, бул сөздү орусчадан тамыры менен жулуп алып, кыргызча калыпка салган аракет көрүнүп турат. “ Legitimate ” деген сөз англис тилинде- мыйзам менен жоболорго ылайык деп чечмеленет экен. Бул жерде жакындан бери оозго кирген сөз куруу ыкмасын пайдаланс...
Недавние сообщения
   КЫРГЫЗ ТИЛИ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР Кыргыз тили дагы да болсо тирүү, дагы да болсо кыргыз балдарынын ой-санаасын, жан-дүйнөсүн бөлүшкөнгө, күндөлүк түйшүктөрүн аңдатканга, эс-дартын чечмелегенге жарап келет. Тил дегениң, албетте, өзүнчө турмушта болчу тоскоолдорду ашканга керек, тиричиликтеги маселерди чечкенге керек бир курал катары саналганы да анык. Иш жүзүндө тилсиз, өзгөчө жазмалуу тилсиз, кийинки муундарды тарбиялап, аларга заманга бап билим берип, заманга бап сыноолорго   таймаша алганга жараган өнөр үйрөтүш мүмкүн эмес.  Бул учурда, дүйнөдө нечелеген өнүккөн тилдер бар. Ал тилдер, учурда эмне талап коюлса да, ошону аткара алган тилдер. Ошондой бир тилди үйрөнсөң турмуштагы көп көйгөйлөрү чечип алчуудай көрүнөт. Биз кыргыздар иштин бул жагын мурдатан түшүнүп, кээ бирибиз орус тилине баш-отубуз меен өтүп да кеткенбиз. Чынында, орус тилин же башка өннүкөн тилдерди үйрөнүп, кененирээк маалымат ала билген биз сыңары аз, мүмкүнчүлүүгү чектелген эл үчүн пайдалуу иш. Д...