К основному контенту

 

Кыргыз тилинде жетишбеген сөздөр

  1.  Бизде азыркы заманга ылайык болгон кээ бир сөздө же такыр эле жок же көпчүлүк жакшы билбейт. Мисалы, англис тилинде "сэр"  же орусча "сударь" деген сыяктуу сөздөргө мааниси төп келгэн кыргыз сөздөрү барбы? Өзбек тилинде "таксыр", ал эми түрк тилинде " бейефенди" дешет экен эркек кишиге кайрылганда. Кыргызча деле  "таксыр" деген сөз бар. Биз деле ошол сөздү колдонсок болчудай. Ал эми аял кишиге кантип кайрылабыз? Менимче, " таксыр айым" деп кайрылса туура болмок. Албетте, башында кулакка өөн учурайт чыгар, бирок, көнүп кетерибизге эч шегим жок.
  2. "Легитимдүү" деген бир түрүү суук бир сөздү колдонуп жүрөбүз акыркы учурларда. Тушүнүктүү, бул сөздү орусчадан тамыры менен жулуп алып, кыргызча калыпка салган аракет көрүнүп турат. “Legitimate” деген сөз англис тилинде- мыйзам менен жоболорго ылайык деп чечмеленет экен. Бул жерде жакындан бери оозго кирген сөз куруу ыкмасын пайдалансак, эң эле эптүү болчудай. Менин айтып жатканым "заманбап" деген сөздү курууда колдонулган ыкма. Заманга ылайык-"заманбап" болсо, мыйзамга ылайык- демек "мыйзамбап" болушу керек.   
  3. Муниципалдык жер деген түшүнүк бар бизде. Бул сөздүн түбү латын тилинен келет. Мааниси: шаарга же аймака же анын башкаруу органына тиешелүү дегенди түшүндүрөт экен. Ошон үчүн, жөн эле шаардык же аймактык жер деп эле койсок болбойбу? 
  4.        Өйдө жакта мен "орган" деген орус тилинен келген сөздү колдондум. Эмнеге? Анткени биз кыргызча бул  сөзгө мааниси туура келген сөз таба алган эместей көрүнөбүз. Башкаруу биримдиги катары, "орган" термини атайын милдеттүү башкаруу бөлүмү же уюм деп түшүндүрүлөт экен. Мысалы, түрк тилинде,  "орган" деген түшүнүктө, "курум" деген сөздү колдонушат экен.Бизче, балким, "түзүм"  деген сөз туура. Анткени  "орган" деген сөз  "организовать" деген орус сөзүнүн негизинде куралган. Алар да бул сөздү түбү латын тилинден "organum" деген сөздөн алышкан- мааниси "жаса, түз" же "ишке ашыр". 
  5. Уюлдук байланыш же уюлдук телефон деп айтып жүрөбүз. Муну орусчадан "сотовый" деген сөздү которгондогу кербезибиз. "Соты" деген өзу эмне? Бул бал аарылардын бал чогулткан уюгу.  Алар алты бурчтуу тешиктерден турушат. Зымсыз телефондордун байланыш антенналары  да ошо бал ары уюгундай алты бурчтуу калыпта жайгашкандыктан, орус тилинде " сотовая связь" деп аташкан. Уюл деген сөз орустун "полюс" деген сөзүнүн кыргызчасы. Көрүп тургандай, бул сөз такыр эле туура эмес түзүлгөн.  Мемимче, сөзмө-сөз которгонго аракет кылбай- маанисине туура келгендей которгонубуз ылайык. Башка тилдерде бул байланыштын түрүн, телефонду көтөрүп жүргөнгө ылайык экенине карата атшкан. Мисалы, англисче " mobile" же "portable", түркчө, жөн гана " cep”(чөнтөк) телефону деп коюшат. Англис тилиндеги эки сөз тең, кыймылга байланышкан (mobile- латын тилинде mobilis- кыймыл, portable- латынча, portare- ташуу, көтөр) мааниде. Ушул ойлордун негизинде, биз кыргызча, "көтөрмө байланыш" жана "көтөрмө" телефон десек эп болмок.

 

Комментарии