К основному контенту

 

 КЫРГЫЗ ТИЛИ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР

Кыргыз тили дагы да болсо тирүү, дагы да болсо кыргыз балдарынын ой-санаасын, жан-дүйнөсүн бөлүшкөнгө, күндөлүк түйшүктөрүн аңдатканга, эс-дартын чечмелегенге жарап келет. Тил дегениң, албетте, өзүнчө турмушта болчу тоскоолдорду ашканга керек, тиричиликтеги маселерди чечкенге керек бир курал катары саналганы да анык. Иш жүзүндө тилсиз, өзгөчө жазмалуу тилсиз, кийинки муундарды тарбиялап, аларга заманга бап билим берип, заманга бап сыноолорго  таймаша алганга жараган өнөр үйрөтүш мүмкүн эмес.

 Бул учурда, дүйнөдө нечелеген өнүккөн тилдер бар. Ал тилдер, учурда эмне талап коюлса да, ошону аткара алган тилдер. Ошондой бир тилди үйрөнсөң турмуштагы көп көйгөйлөрү чечип алчуудай көрүнөт. Биз кыргыздар иштин бул жагын мурдатан түшүнүп, кээ бирибиз орус тилине баш-отубуз меен өтүп да кеткенбиз. Чынында, орус тилин же башка өннүкөн тилдерди үйрөнүп, кененирээк маалымат ала билген биз сыңары аз, мүмкүнчүлүүгү чектелген эл үчүн пайдалуу иш. Демек, эч пайдасы болбогон соң, Кыргыз тилин  такыр эле таштап биротоло, ошол пайдасы көп тилдерге баш урсак кандай болот? "Жок андай болбос" деп көбүң мындай сунушка тырчып, бул жарабас ойду четке кагарыңды, баамымда билип турам. Эмнеге дегенде, адамдын жаратылышы ушундай. Биз (жок дегенде, көпчүлүгүбүз) үчүн пайдалуу деген түшүнүнүк-күнүмдүк тамак-аш, баш-калка тапкандан да кененирээк түшүнүк болуп эсептелет. Адамга бир курсакты тойгузуш максат эмес, аны айбанаттар да жасай билет. Биз үчүн киши сапатынан кетпеш, ариет менен намысты сактай билиш, өзүңдүн ким экениңди унутпаш- демек кайдан чыктың, эмне чөйрөдө адам болдуң, сенин адамдык баркың эмне экенин билгениң-мына ушуга окшош колго тутулбас нерселер (нематериальные) маанилүү. Бул тараптан карасаң, тил, ошо сенин өз-кимдигиңдин чок ортосунда орун алып, эмнени баалайсың, эмнени каалайсың- баарына чоң таасир этип тураары шексиз. Ошол себептен, өз эне тилиңен баш тартканың, чынында өзүңдүн өз-кимдигиңен баш тартканына тете.

 Дагы да болсо бизде "мен кыргызмын"  деген дымак бар болгон соң, дагы да болсо көптөгөн кыргыз балдары, өз эне тилин сактап, аны кийинки муундарга жеткизгенге ынтызар деп ойлойм. Тилди сакташтын эң биринчи шарты бул аны (1) жаш муундарга үйрөтүп, (2) заманга ылайык деңгээлде өнүктүрүп, (3) колдон келишинче жашоо-турмуштун болгон чөйрөлөрүндө колдонгонго аракет кылуу.

 Демек, ушул үч багытта иш алып барышыбыз керек. Биринчиден, ар бир аталган маселе боюнча эмне өксүкчүлүк бар аныкташыбыз керек. Экинчиден, канткенде тилди үйрөтүүнү күчөтө алабыз деген суроого жооп тапканыбыз абзел. Үчүнчүдөн, тилибиздин жаштар үчүн керектигин артыруу  максатында ареттибизди өрчүндөтүш керек. Бул ишти кыштан кийин жаз келет деген калыпта калтырсак, кийинки муундар, бул тилден не пайда деп акырдан биздин тил унутта калаары толук ыктымал. Ушул учурда, кыргыз тили экономикалык жактан алып караганда, чынында, баалуулугу чектелүү. Анткен менен, маданий жана сезим козгоо (туйгусал) чөйрөсүүндө, биздин тил дагы да кубатуу. Ушул багытта иш-арекеттерди өрчүтүш керек, эң башында. Эгер, биздин тилибиз, жашообузда акча тапканга жардам бербесе да,  кубаныч-кайгыбызды бөлүшкөндө керек болсо, биздин адамдык турпатыбызди жогорулатканга түрткү болсо, турмуштагы жаман менен жакшыны аңдай билгенге жардам берсе, анда биздин тил унутулбайт.

Комментарии